Йорданиянын борбору Амман шаарында бүгүн ок атышуу болуп, коопсуздук кызматтары үч адамды атып өлтүрдү. Алардын бири йорданиялык, калган экөө чет өлкөлүк жаран болуп чыкты. Өкмөттүн айтымында, аларды полиция курчап, курал таштоону сунуштаганда, кылмышкерлер өздөрү биринчи ок аткан.