Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Индияда бүгүн парламенттик шайлоо башталды


Индияда бүгүн парламенттик шайлоо башталды, ал үч аптага уланат жана бүгүнкү шайлоо 16 провинцияда өткөрүлүүдө. 10-майга чейин 670 миллион шайлоочу добуш берүүгө тийиш. Байкоочулардын пикиринде, шайлоонун жыйынтыгында бийликте азыркы премьер-министир Атал Бихари Важпайинин коалициясы калууга тийиш. "Индиянын улуттук конгресси" деп аталган оппозициялык партияны бир кездеги премьер Раджив Гандинин жесири Соня Ганди жетектейт. Келерки добуш берүү 22- жана 26-апрелде, андан соң 5- жана 10-майда өткөрүлөт.

 

XS
SM
MD
LG