Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Испания менен Гондурас өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетүүгө даярданууда


Испаниянын жаңы премьер-министри Хосе Луис Родригес Сапатеро бүгүн парламентте чыгып сүйлөп, өз аскерлерин Испания Ирактан алып чыгып кетет деп билдирди. Испания менен кошо Иракка аскер жиберген Гондурас дагы өзүнүн 370 адисин Ирактан алып кетмей болду. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл ал тууралуу өкүнгөнүн билдирди: "Испания менен Гондурас өз аскерлерин чыгарып кетип жатканы өкүнүчтүү, би рок алар эгемендүү өлкөлөр, алар абалды баалап, өз кызыкчылыктарына байланыштуу аракеттенүүдө". Тайланддын премьер-министри Таксин Шинаватра бүгүн атайын билдирүү жасап, эгер Ирактагы коопту жагдай уланса, өлкө өзүнүн 450 аскерин чыгарып кетиши мүмкүн деп жарыялады. Австралия, Жапания, Түштүк Корея жана Филиппин болсо аскерлерин чыгарбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG