Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

ЕВРОПАЛЫК БАНК ӨЗБЕКСТАНДЫН ӨКМӨТҮН КАРЖЫЛООНУ ТОКТОТТУ


Европанын өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, кыскача аталышы ЕБРР Өзбекстанда мамлекеттик секторго караштуу долбоорлорду каржылоосун токтотту. Банктын билдирүүсүнө караганда, мындай чечимди жасоого ырасмий Ташкендин демократия жана адам укугу жаатындагы реформаларды үзгүлтүккө учурутканы негиз берди. Бейөкмөттүк уюмдар банктын бу кадамын колдошту.

Европанын өнүгүү жана реконструкциялоо банкы -ЕБРРдин Лондондо дүйшөмбү күнү аяктаган жылдык жыйынында Өзбек бийликтери өлкөдө адам укугун бузуулар кеңири жайылган көрүнүшкө айланганы үчүн катуу сынга алынды.

Ай башында банк өткөн бир жыл ичинде Өзбекстанда адам укугу, жарандык коом жана эркин экономика багытында оң жылыштар болбогонун айтып, өлкөнүн коомдук тармактарындагы долбоорлорду каржылоосун токтотоорун жарыя кылган.
Жоон топ бейөкмөт уюмдар европалык банктын өзбек өкмөтүн каржылоодон баш тартуусун оң баалашты.

Эл аралык “Bankwatch” бейөкмөт уюмунун Борбор Азия боюнча координатору Алекс Пасюктун сөзүнө караганда:

- Ырас эле, ЕБРРдин мындай чечими бизди аябай кубантты. Банктын Өзбекстандагы адам укугунун абалына берген баасы ЕБРРдин башкаруучулар кеңешинин Лондондо өткөн жыйынында өзбек укук коргоочулары айткан кырдаалга окшош. Биз ЕБРРдин чечимин баалайбыз. Банк үчүн мындай чечим чыгаруу жеңил болбогонун билебиз.

Пасюк андан ары сөзүн улап, өкмөттүк долбоорлорду каржылоо токтотулганы менен, карапайым өзбекстандыктарга жардам көрсөтүү улантыла берет деди:

- Биз ЕБРРдин Өзбекстандын өкмөтүн каржылоону токтотуусун кубаттайтыз. Бирок, чакан жана орто бизнести каржылоо боюнча көз карашыбыз алар менен бирдей. Анткени, ал каражаттан Өзбекстандын катардагы жарандары аз да болсо пайда көрөт.

Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюмунун изилдөөчүсү Вероника Сзенте-Голдстон айым ЕБРРдин чечимин “өтө принципиалдуу” деп атап, бул чара келечекте олуттуу өзгөрүүлөргө алып барат деген үмүттө:

- Банк өз талаптарынан жазбасын жана жыл ичинде өзбек өкмөтү бул жаатта оң кадамдарды жасоосу үчүн аны менен жигердүү иштеше берээрин айкын көрсөттү.Бул ЕБРР, өзгөчө, анда үлүшү бар өкмөттөр үчүн абдан маанилүү. Биз азыр берилген бааларды өзбек өкмөтү менен болчу сүйлөшүүлөрдө кеңири пайдаланабыз. Банктын чечими аркылуу эл аралык коомчулук өзбек бийликтерине реформанын зарылдыгы жөнүндө ачык жана тийиштүү кат жөнөтүүдө.

Европанын өнүгүү жана реконстркуциялоо банкынын Лондондогу жыйынында америкалык филантроп Жорж Сорос да өзбек бийликтеринин адам укугун бузууларын айоосуз сындады жана башка да жарандык уюмдар сыяктуу кайра каттоодон өткөрбөй койгонго байланыштуу Ачык коом институтунун Өзбекстандагы бөлүмүн жабууга мажбур болгонун билдирди. Сорос 1996-жылдан бери түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Өзбекстанда 22 миллион доллар сарптаган.

ЕБРРдин өкүлү Жэфф Хайдинин сөзүнчө:

- Сорос чыгып кетпеди. Сорос түртүп чыгарылды. Бул биздин өзбектерге катуу сын көз менен карообуздун бир себеби болду. Баа бейөкмөт уюмдарды кайра каттоо жагдайы жана алардын сөздөрү эске алынды. Биздин чечимибиз жабык коомдор үчүнкошумча белги болот.

Деген менен, Хайдинин айтымында, европалык банк Өзбекстандагы адам укугун абалына, саясый жараяндардын жүрүшүнө байкоо салуусун токтотпойт.

XS
SM
MD
LG