БАТКЕН. Алардын арызданып келүүсүнө Жаңыжер айылынын калкы акыркы 4-5-жылдан бери сугат суунун азабын тартып жатканы себеп болгон. Аксакалдардын айтуусунда, сугат суу барыш канал көп жерден тешилгендиктен айылга бөлүнгөн суунун жарымы да жетпейт. Ушунун айынан бак-дарактар куурап, 400 гектардан ашуун жер эгилбей, бош жатат. «Ушитип отурсак жакырчылыктан чыкпай эле, кайра жакырчылыкка батабыз» дешет, аталаган айылдын элинин атынан келишкен аксакалдар. Ал эми айыл өкмөтү бул маселеге эч кандай көңүл бурбай келет. Облус бийлигине кайрылган аксакалдар мындан сырткары айылга табигый газ тартып келүү маселесин да козгошууда. Алардын сөзүнө караганда, буга толук мүмкүнчүлүк бар, анткени 20 чакырым аралыктагы Зарташ айылынан газ тартып келсе болот. Болбосо отундан каржылаган эл кирешелүү деп эсептелген өрүк зарлар менен жүзүм зарларды кыйып жагууга аргасыз.