Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Алматыда Евразестин баалуу кагаздар рынокторундагы маселелер талкууланат


БИШКЕК. 22-апрелде Алматы шаарында Евразия кызматташтык кеңешинин Интеграциялык комитетинин алдындагы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу орган жетекчилеринин кеңешинин үчүнчү отуруму өтөт. Отурумдун ишине Евразеске мүчө өкөлөр Россия, Беларусь, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан өкүлдөрдүн катышышы күтүлүүдө. Кыргызстандан жыйынга өкмөт алдындагы баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уран Абдынасыров катышат. Отурумдун күн тартибинде 8 маселе, алардын ичинде Евразеске мүчө өлкөлөрдүн баалуу кагаздар рынокторундагы азыркы абал, 2004-2006-жылдарга эсептелген Евразестин алкагында баалуу кагаздар рыногундагы ишмердүүлүктүн түрлөрүн жөнгө салуу боюнча иш-планын иштеп чыгуу, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-чараларды көрүү жана башка маселелер талкууланат.

XS
SM
MD
LG