Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Жорж Сорос Кыргызстанга келет


БИШКЕК. 25-апрелде Кыргызстанга белгилүү финансист жана филантроп Жорж Сорос иш-сапары менен келет. Сорос президент Аскар Акаев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, студенттер менен жолугушат. Жорж Сорос ошондой эле өткөн жылы «Сорос-Кыргызстан» фондунун алдында түзүлгөн экономикалык саясат боюнча «Бишкек Консенсус» Институтунун жетекчилиги менен жолугушуп, институттун ишмердүүлүгү жана өнүгүү келечегине байланыштуу маселелер боюнча пикир алышат. Андан сырткары Жорж Сорос Бишкектеги «Кыргызстан-Сорос» фондунун ишмердүүлүгү жана анын ишиндеги жаңы багыттары менен таанышып, аталган Фонддун жакынкы жылдарга болгон стратегиясы талкууганган жыйынга катышат.

XS
SM
MD
LG