Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Франция аялды уруп-сабоону колдоп сүйлөгөн молдону өлкөдөн чыгарат


Теги алжирдик 52 жаштагы имам Абдел Кадер Бузиане Франциянын түштүгүндөгү мечиттен камакка алынган. Ал "Лион Маг" журналына берген маегинде күйөөсүнө ыкка келбеген аялын бетке сокпостон, каалагандай токмоктоого Куран уруксат берет деп айткан эле. "Адам укуктарына, айрыкча аялдарга эл алдында шек келтирип сүйлөөгө Франциянын өкмөтү жол бере албайт" деп айтылат Франциянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө. Өткөн аптада 11-марттагы Испаниядагы темир жолдогу бомбалоону колдогон дагы алжирдик имамды өлкөдөн чыгарып жиберген эле.

XS
SM
MD
LG