БИШКЕК.Кыргыз өкмөтү 2004-2005-жылдарда диний экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу программа кабыл алды. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсуповдон алынган маалыматка караганда, анын максаты Кыргызстанда диний экстремисттик ойлордун жайылышына каршы аракеттерди күчөтүп, ага жаштар менен калктын жакыр катмарынын тартылышына бөгөт коюу. Мындай аракеттерди жүргүзүү ишине окумуштуулар тартылып, алардын жардамы менен жасала турган иш-чаралардын багыты аныкталат. Ал эми дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жергиликтүү дин кызматкерлеринин көмөгү менен жер-жерлердеги калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. Өмүрзак Мамаюсуповдун маалыматы боюнча, мындай иш-чара буга чейин Ысыккөл, Нарын областтарында өткөрүлдү жана 22-апрелде Жалалаббада болот.