БИШКЕК. “Пирамида” телерадио корпорациясынын кайрадан обого чыгышын колдоо максатында эл аралык уюмдарга, мамлекет башчысына кайрылуу жолдоп, анын айланасындагы кырдаалды иликтеп текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлөт. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын коомдук бирикмелер жана маалымат саясаты боюнча комитети бүгүнкү отурумунда кабыл алды. Комитеттин талкуусунда, “Пирамида” телекөрсөтүүсүнүн техникалык себептери саясий максатка пайдаланылып жатат деген пикирлерин айрым депутаттар билдиришти. Ошондой эле комитет, донорлордун жана бейөкмөт уюмдардын катышуусунда “тегерек үстөл” жыйынын өткөрүп, “Пирамида” телекөрсөтүүсүн жаңы жабдуу менен камсыз кылууга канча акча каражаты жумшалаарын тактайт.
Техникалык себептерге байланыштуу 17-марттан тартып, «Пирамида» каналы өзүнө таандык метрдик диапозондо чыга албай калган. Анын жетекчилиги «каналдын чыкпай калуусунда саясий себептер байкалууда», деген ойлорун билдиришүүдө. Ал эми «Кыргызтелекомдун» телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиожыштык магистралдары бирикмесинин өкүлү Кубанычбек Бегалиевдин айтымында, «Пирамиданын» иштөөсү үчүн 40 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү жаңы жабдуулар сатылып алынышы керек. “Анын техникалык себептерин, алдыда болуучу парламенттик, президенттик шайлоого байланыштырып, саясатташтыруунун кажети жок” деген пикирде Кубанычбек Бегалиев.