Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Кыргыз президенти Японияда


БИШКЕК.Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин Япониядагы расмий сапары уланууда. Бул күнү кыргыз президенти Япониянын премьер-министри Дзюнитиро Коудзуми менен жолугушту. Япониянын «Киодо Цусин» агенттигинин кабарына таянып, «Кабар» агенттиги тараткан маалыматка караганда, анда Акаев Япониянын Кыргызстанга берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, согуштан кийинки Ооганстанды калыбына келтирүүгө көмөктөшүү маселесин козгоду.Кыргыз президентинин билдирүүсү боюнча, Ооганстан Борбор Азиядагы коопсуздук менен бейпилдикти сактоодо чечүүчү орунду ээлейт. Президент Аскар Акаевдин Япониядагы визити учурунда Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчилиги ачылат жана расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуудан тышкары Акаев Япониянын императору Акихито, «Жайка» агенттигинин жана башка ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушуусу болжолдонгон.

XS
SM
MD
LG