БАСРА. Ирактын Басра шаарында жана анын чет жакасында болгон жырдаруулардан, бери дегенде, 68 киши курман болуп, 100дөн ашык киши жараат алды. Бомбалардын үчөө Басрадагы полиция кеңселеринин айланасында, бирөө Зубаир шаарында болгон. Курман болгондордун ичинде мектеп окуучулары да бар.
Ирактын ички иштер министри Сумаиди бул терактты кескин сынга алып:
- Бүгүн дагы бир кыргын болду. Террорчулар бейкүнөө адамдарды,балдарды бутага алышты. Алар муну менен жеңишке карай жылыш жасадык, деп ойлоп жатышат, - деп айтты.
Ал эми британ премьер-министри Тони Блэр Иракты демократташтыруу жараянына террорчулардын бөгөт болуусуна коалициялык аскерлер жол койбой турганын айтты.