НАРЫН. Аталган партиянын Нарын райондук жана шаардык аткаруу комитеттери биргелешкен жыйын өткөрүшүп, эмгекчилердин улуу жол башчысы Владимир Ильич Лениндин туулгандыгынын 134 жылдыгына байланыштуу эскерүү күнүн белгилешти. Анда улуу көсөм Владимир Ильич Лениндин өмүр баяны, осуяты айтылып, учурдагы эгемендүү Кыргыз мамлекетин түптөөгө, кыргыз интеллигенциясынын калыптанышында партиянын үлүшү зор экендиги белгиленди. Андан тышкары "Кыргызстан коммунисттер" партиясынын алдында турган максат милдеттерине токтолушуп, коммунисттердин эки партиясын биригүүгө чакырышты.