Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Мамлекеттин тарыхын изилдөөгө өбөлгө болуучу илимий конференция


БИШКЕК. Бүгүн Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте “Улуу жибек жолундагы маданий жана саясий өнүгүү процесстеринин Түрк-согдий жуурулушу” аттуу темада эки күндүк эл аралык илимий конференция өз ишин баштады. Анда байыркы Борбор Азияда жашаган согдий жана түрк элдеринин маданий байланыштары, тарыхый жазма булактары, Жибек жолундагы эстеликтер тууралуу окумуштуулар маалымат беришти. Конференцияга 9 мамлекеттен көрүнүктүү окумуштуулар келишти. АКШ, Германия, Франция,Түркиядан келген илимпоздор Борбор Азия аймагындагы түрк-согдийлердин тарыхый байланыштары тууралуу баяндады. Ал эми Кытайдан келген аалым Макелек Өмүрбай Кытайдын тарыхый булактарындагы түрк элдери, алардын ичинен кыргыздар тууралуу маалымат менен тааныштырды. Конференциянын негизги максаты Ата мекендин, мамлекеттин тарыхын так жана терең изилдөөгө өбөлгө түзөт. Конференция жума күнү аяктайт.

XS
SM
MD
LG