БИШКЕК. Бүгүн кечинде Бишкекке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия жана адам укуктар бюросунун шайлоо боюнча кеңешчиси Николай Вулчанов келди. Анын Кыргызстандагы иш сапарынын максаты эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоо тууралуу маалымат алуу. Мындай маалымат бүгүн ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынды. Ал кабарга караганда, Николай Вулчанов Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев, Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик бийлик жетекчилери, саясий партия жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышат.