Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:35

Бейөкмөт уюмдар бири-бирине эмне үчүн нааразы?


БИШКЕК. Бүгүн ЕККУнун Кыргызстандын тартип коргоо органдарын реформалоо долбоорунун жумушчу тобунун өкүлдөрү жана «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондусунун президенти Рая Кадырова «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын ачык катына жооп берди. Анда аны долбоорго катышуудан баш тартпоого үндөп, долбоорго катышып жаткан бейөкмөт уюмдар бири-биринен зор натыйжаны күтүп жатышкандыктан өз ара нааразылык пайда болорун билдирди. Андан тышкары тартип коргоо органдарын реформалоо долбоорун ишке ашыруу зарылдыгы күндөн-күнгө күч алып, кыйын кырдаалдарда атуулдук коом менен тартип коргоо органдарынын өз ара байланышын чыңдоо үчүн талбай иштөөгө мажбурлап тургандыгын билдирди. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова ачык кат жазып, анда ЕККУнун долбооруна катышкан уюмдар атуулдардын укугун коргобой жаткандыгына нааразылык билдирген. Ага Ф.Куловду бошотуу талабы менен жөө жүрүшкө чыккан атуулдарды милициянын кармашы өбөлгө болгон.

XS
SM
MD
LG