Бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына Ысыккөл областынын Өрнөк айылынын 20 чакты өкүлү пикетке чыгышты. Алар муну менен мурдагы колхоздун негизинде түзүлгөн «Ынтымак» кооперативине таандык мүлктү бөлүштүрүүгө нааразылык билдиришип, бул боюнча берилген арыздарды караган соттордон акыйкаттыкты талап кылышты. Пикетке катышкандардын айтымында, кооператив мүчөлөрүнө мурда бөлүнгөн мүлк азыр кооперативдин азыркы жетекчилери тарабынан мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, айыл тургундарынын ортосунда карама-каршылыкты жаратууда. Мүлктү адилеттик менен бөлүштүрүү боюнча берилген арыздар калыс каралбай жатат деген дыйкандар бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу үчүн 15-апрелде Бишкекти карай жөө жүрүшкө чыгышкан. Ал тууралуу дыйкандар: деп билдиришти. Ал эми областтын губернатору Токон Шайлиева алардын талабы менен тааныш эмес экендигин жана талашты сот гана чечээрин билдирди.