Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Калининград талашы Орусиянын кызыкчылыгында чечилүүдө


БРЮССЕЛЬ. Европа Биримдиги менен Орусия ортосундагы Калининград маселеси чечилүү алдында турат. Бул тууралуу комиссиянын өкүлү Дьего де Охеда билдирди:

- Макулдашууга байланышкан негизги проблема чечилүү алдында турат. Бул ириде Калинград жүк ташуучу транзиттик каттамына байланышкан маселе. Бул жакшы жаңылык.

Мындай макулдашууга келерки шейшембиде Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин Люксенбург жолугушуусунда кол коюлат. Бул тууралуу Орусия өкмөт башчысы Михаил Фрадков бүгүн Еврокомиссия делегациясынын катышуусундагы кеңейтилген жыйындан кийин билдирди. Комиссия төрагасы Романо Проди Москвага бүгүн барды жана ал иш сапарынын учурунда президент Путин менен Европа Биримидигинин кеңейишине байланышкан маселелерди талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG