Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

АКЭЛ БУУнун Кипр планына каршы добуш берүүгө чакырды


МОСКВА. Кипрдеги таасирдүү саясий уюмдардын бири - АКЭЛ партиясы Кипрдин элин Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы добуш берүүгө чакырды. Ал эми Ирландиянын тышкы иштер министри, Европа Биримдигинин азыркы жетекчиси Берти Аэрн Прагада жасаган билдирүүсүндө БУУнун планын эки Кипрди кошуунун ыңгайлуу жолу катары баалады:

- Мен акыркы күндөрү бир нече ирет билдирдим, биз Европа Биримдигине 1-майда эки Кипрдин биригип киришин каалаар элек. Бирок, эми муну эл чечиши керек. Биз чынында эле Кофи Аннандын планында макулдашуунун негизи турат деген ойдобуз.

Орусия БУУнун эки Кипрдин коопсуздугун камсыздоо максатындагы резолюциясынын жаңы долбооруна кечээ вето койду. Орусия коопсуздук чаралары Грекия жана Түркиялык тараптардан бирдей колдоо тапкандан кийин көрүлүшү керек деп эсептейт. Эки Кипрди бириктирүүгө байланышкан референдум 24-апрелде өтөөрү күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG