НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер бүгүн Косового барды. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун администратору Харри Холкери жана Косово президенти Ибрагим Рагове менен жолугушуп, мындан аркы коопсуздук чараларын талкуулады.
- Жакында болгон окуя мындан ары эч качан кайталанбашына, Косово жетекчилиги кайталоого жол бербөөгө саясий жоопкерчилик аларынан үмүтүбүз бар, деди Схеффер, - Албетте, Косоводогу ички диалог, Приштина менен Белграддын мамилеси, ага косоволук сербдердин катышуусу маанилүү.
НАТОнун коопсуздук күчтөрү турганына карабастан, өткөн айда сербдер менен албандардын кагылышуусунан 19 адам өлүп, жүздөгөн адамдар жабыр тартышкан. Албан президенти Алфред Моизиу бүгүн Косовонун статусу эл аралык коомчулуктун жардамы менен, элдин каалоосуна ылайык чечилиш керектигин белгиледи.