Лондондо кечээ британ прмьери Тони Блэр жана тышкы иштер министри Жек Стро менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Ирандын башкы дипломатиялык мекемесинин башчысы Камал Харрази ушундай билдирүү жасады. Акыркы кездерде тараптар олуттуу прогресске жетишкенин белгилеп, Харрази Ирандын атомдук программасына байланышкан маселе МАГАТЭде быйыл июндагы жыйында толугу менен жабыла тургандыгына ишеничи бар экенин, буга Тегерандын Британия,Франция,Германия менен тыгыз кызматташтыгы мүмкүндүк түзөрүн ырастады. Иран тышкы иштер министри мындан мурун Парижде болгон эле.