ООНдун өкүлү Лахдар Брахими Башкаруу кеңеши жана коалициялык өлкөлөр менен масилеттешип,30-июнда бийликти өткөрүп берүүнүн планын иштеп чыкканга аракет кылууда, деп ырастады Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд. Ал эми мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер Иракта мурдагы Баас партиясынын мүчөлөрүн мамлекеттик кызматка тартуунун мүмкүнчүлүгү караштырылып жатканын кабарлады. Бирок бул процесске Саддам Хусейндин режими тушунда кыянат жасаган адамдар катыштырылбайт.