Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

Түп районундагы Тогузбулак айлында үйлөрдү жер алдынан чыккан суу каптоодо


КАРАКОЛ. Ыссыккө облусундагы аталган айыл тургундарынын тынчсызданууларына караганда, жер алдынан сызылып чыккан суу билинбей эле 30 үйдүн коро жайын, жер төлөөлөрүн каптап алардын тынчын кетирүүдө. Ал эми айылдагы эки үй дээрлик керектен чыкты. Республиканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги айылдагы суу каналын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн быйыл 500 миң сом акча каражатын бөлгөн. Ал акча каражатына айылдагы узундугу 1972 метр жерди ээлеген суу каналы калыбына келтирилиши керек. Ушул тапта суу каналдын 400 метири гана акыр-чикирден арылып, иретке келди. Аталган министрликтин Түп районундагы адистеринин пикирлерине караганда Тогузбулак айылын суу каптагандыгына өздөрү күнөөлү. Себеби бул айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилген суу каналы акыркы 10 жылдан бери кол тийген эмес.

XS
SM
MD
LG