Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Нарын-Атбашы жолу кайрадан ачылды


НАРЫН. Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Атбашы менен Нарын жолунун 355-357, 358 чакырымындагы жолдун сегизучасткасында жер алдындагы суу чыгып, жер көчүп жабылган эле. Облустун губернаторунун атайын буйругу менен аталган жол каттамы 15 күнгө такыр жабылган. Нарын облустук жарандык коргонуу Башкармалыгынын башчысы Аскарбек Кыдыргычевдин айтымында, жолдор тазаланып, 23-апрелден баштап кайрадан бул жол каттамы жанданды. Аталган жол каттамы менен көбүнчө оор жүктүү машиналар Кытайга катташат. Үч жылдан бери Кызылбел участогунда жер көчкү активдешүүдө. Ага оор жүктүү машиналардын катташы терс таасирин тийгизип жатат дейт облустун жарандык Башкармалыгынын башчысы, подполковник Аскарбек Кыдыргычев.

XS
SM
MD
LG