Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Турак-жайсыз калган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү маселеси каралууда


БИШКЕК. Бишкектеги эт комбинатына караштуу имараттан мажбураланып чыгарылган үй-бүлөлөр бүгүн Ленин райондук администрация жетекчилиги менен жолугушту. Администрация жетекчисинин орун басары Камчыбек Ташиев маалымдалгандай, администрация тарабынан бул үй-бүлөлөргө турак-жай алып берүүгө жардам көрсөтүлбөйт. Бирок, акимчилик турак-жай куруу үчүн Бишкектин чет жакаларындагы жаңы конуштардан жер участкаларын алып берүүгө көмөк көрсөтөт. 65 үй бүлө Бишкек шаарынын Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан Ленин райондук сотунун чечими менен чыгарылган. Учурда алардын туруктуу катталга жери, жер үлүштөрү боюнча маалыматтар чогултулууда. Алардын негизинде жер участкалары каралышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG