Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Коопсуздук комитет төрагасы өкмөттү сынга алды


БИШКЕК. «Кыргызстанда өткөн жылы 3 миң киши дайынсыз жоголуп кеткен. Алардын жоголушуна коңшу мамлекеттердин атайын кызматтарынын өлкө аймагына каалагандай кирип-чыгуусу да шарт түзүүдө», деп билдирди Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исмаил Исаков бүгүн өкмөттө. Тартип коргоо органдарындагы коррупцияга токтолгон Исмаил Исаков, минималдык керектөө куржуну 1.5 миң сом болуп жатканда, 600 сом айлык берүү менен мамлекет милиция кызматкерлерин кылмыш жолуна түртүүдө, деп билдирди. Исмаил Исаков ошондой эле Аксы окуясында элге ок атуу, парламент мүчөлөрүнүн иш бөлмөлөрүнө жашыруун угуучу аппараттардын орнотуу фактылары боюнча кылмыш иштер аягына чыгарылбаганын, ал эми Бишкекте атуулдардын пикет жана демонстрацияга чыгуу укуктарынын такай бузулуп жатышын белгиледи. Өз кезегинде каржы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев, күч министрликтеринин талаптарынын 20-30% гана каржыланып жаткандыгын, бул мамлекеттин чамасына жараша болуп жаткан иш экендигин маалымдады.

XS
SM
MD
LG