Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Ыссыккөлдөн келген пикетчилер нааразылык акцияны улантышууда


БИШКЕК. Ыссыккөл облусунун Өрнөк айылынын 20 өкүлү бүгүн өкмөт үйүнүн алдында кечээ башталган нааразылык акциясын улантышты. Алар түнү менен өкмөт үйүнүн алдынан кетишкен жок. Алар мурдагы колхоздун негизинде түзүлгөн «Ынтымак» кооперативине таандык мүлктү бөлүштүрүүгө нааразылык билдиришип, бул боюнча берилген арыздарды караган соттордон акыкаттыкты талап кылышууда. Пикетчилердин айтымында, кооператив мүчөлөрүнө мурда бөлүнгөн мүлк кооперативдин азыркы жетекчилиги тарабынан кайрадан мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн. «Ынтымак» кооперативинин өкүлдөрү Өрнөк айлынан 15-апрелде жөө жүрүшкө чыгышкан. «Коррупцияга жол жок!», «Акыйкат башкаруу жылында акыйкаттыкты талап кылабыз!», «Жогорку сот, акыйкат бол» деген сыяктуу чакырыктар жазылган плакаттарды кармап турушкан пикетчилер президент Аскар Акаев менен жолугушуу талабын да коюп жатышат.

XS
SM
MD
LG