Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Президент Акаев Хабаровск крайында болду


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев баштаган делегация Жанонияга болгон иш-сапарынан кийин Россия Федерациясынын Хабаровск крайында болду. Президент крайдын губернатору Виктор Имашев менен жолугушту. Кыргыз делегациясыХабаровскийдеги бир катар маданий жана социалдык объектилерде болушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми Жапонияга болгон эки күндүк иш-сапары учурунда президент Аскар Акаев император Акихито, премьер-министри Коидзими, Жапониянын эл аралык кызматташтык «Жайка» агенттигинин жетекчиси Огата менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы саясий, экономикалык кызматташтыктарды өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышышты. Сапар учурунда жапон жана кыргыз ишкерлеринин катышуучу менен бизнес-форум өткөрүлүп, Кыргызстандагы экономикалык абал, өлкөнүн инвестициялык саясаты боюнча кеңири маалымат берилди. 22-апрелде болсо Токиодо Кыргызстандын элчилиги ачылды.

XS
SM
MD
LG