Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Террорчу деп шектелгендер айыпталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Манас аба майданындагы антитеррордук коалициянын аскердик күчтөрүнө каршы террордук чабуул уюштурууда деп шектелип, өткөн жылы кармалган төрт атуулга карата өкүмүн чыгарды. Ага ылайык айыпталуучу Бакыт Батырбеков 13 жылга, ал эми Надыр Исманалиев, Рамис Бердалиев жана казак атуулу Акролкожо Абдувалиев 10 жылга кесилди. Айыпталуучулардын адвокаты Айнабек Качкынбаев райондук соттун өкүмүнө карата аппеляциялык арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылаарын билдирди. Өткөн жылы 18-сентябрда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган бул атуулдардын үстүнөн сот жараяны февраль айында башталган.

XS
SM
MD
LG