Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:28

Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусунун жаңы очогу пайда болду


БЭЖИН. Кытайда өнөгөсүз өпкө оорусу менен эки киши ооруканага жаткырылып, эки киши карантинге, алар менен байланышта болгон 170 киши дарыгерлердин байкоосуна алынды. Вирустук пневмониянын эпидемиясы Кытайда биринчи жолу 2002-жылдын соңунда тутанып, тез аранын ичинде 30 өлкөгө жайылып кеткен. Оорудан 800дөн ашык киши каза болгон. Баары болуп, илдетти 8000ден ашык киши жугузуп алган. Оорунун жайылуусун алдын алуу максаты менен Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө келип жаткан кишилердин дене температурасын өлчөп, медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү буйурду.

XS
SM
MD
LG