АФИНА. Грециянын премьер-министри Костас Караминтас грек кипрликтерин Улуттар уюмунун аралды бириктирүү планына колдоо көрсөтүүгө чакырды. Кипрдин грек жана түрк тарабынын жарандары эртеңки референдумда Улуттар уюмунун планы боюнча референдумда добуш беришет. Сурамжылоо көрсөткөндөй, түрктөр анда "макул", ал эми гректер "каршы" добуш бериши ыктымал. Эгерде референдумдун жыйынтыгында тараптардын бирөө каршы добуш берди деп табылса, Еврошаркетке Грек Кипр жумурияты жалгыз кабыл алынат.