БИШКЕК. Кыргызстандын соту АКШнын "авиабазасына кол салууга даярданган" деген күнөө менен төрт кишини 10дон 13 жылга чейин эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм кылды. Соттолгон адамдардын үчөө -Кыргызстандын, бирөө- Казакстандын жараны. Соттун айтымында, төртөө тең 2003- жылы Пакистанга жана Иранга дават менен барып, ал жерден диний экстремисттик топторго кирип, атайын машыгуудан өтүшкөн. Былтыр сентябрда камакка алынган төрт жаран тең өзүлөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келатышат.