Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

АКШнын Ирактагы адиминистрациясы Баасчыларга карата мамилесин өзгөрттү


АКШнын Ирактагы администрациясы Баас партиясынын мурдагы мүчөлөрүнүн коомдук кызматтарда иштөөсүнө салынган чектөөнү бошоңдотту. АКШ жетектеген Ал Иракия телеканалына берген маалыматында Американын Ирактагы администрация башчысы Пол Бремер кылмыштуу иштерге аралашпаган мурдагы баасчыларга Ирактын армиясына кирүүгө жана мугалимдер менен профессорлорго мурдагы кызмат орундарына кайтууга уруксаат бериле турганын айтты. Ирактын мурдагы коопсуздук күчтөрү менен аскерлери коалициялык күчтөр тарабынан таркатылган соң баастын 400 миңден ашык мүчөсү ишсиз калган эле. Ирактын Утурумдук кеңешинин көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири Ахмад Чалаби АКШ администрациясынын соңку чечимин сынга алды.

XS
SM
MD
LG