ЖЕНЕВА.Улуттар Уюмунун азык-түлүк агенттиги, кечээги темир жол кырсыгынан кийин Түндүк Корея уюмдун гуманитардык жардамын алууга макул болгонун билдирди. Мындан мурдагы кабарларда жүк ташыган эки поезд кагылыша кеткендиги туралуу маалымдалган эле, бирок Улуттар Уюмунун Пхеньяндагы өкүлдөрүнүн бири түндүк корей бийлигине шелтеме берип, кырсык эки поезд жолдон чыгып, электр зымдарын кыйратып кеткенден болгонун айтат. Эл аралыкКызыл Чырым уюмунун өкүлү Жон Спарроу Түндүк Кореянын кызыл чырымына шилтеме берип, буларды билдирди:
- Расмий маалыматтарга караганда, курман болгондордун саны 54 кишиге жетти. Бул утурумдук гана маалымат. Жарадар болгон адамдардын саны 1249ду түзөт, бул көрсөткүч да көбөйүшү мүмкүн. 1850 үй кыйрап, 6350 үйгө зыян келтирилди, - деди Спарроу. Улуттар Уюмунун азык түлүк агенттиги темир жол кырсыгынан жабыр тарткан өлкө уюмдун жардамын алууга макул болгонун билдирди. Эртең кырсык болгон жерге уюмдун кызматкерлери барат.