БИШКЕК. Орусиянын «Известия» гезити бүгүн «Кыргызстанда Аскар Акаевдин орду үчүн күрөш башталды» деген макала жарыялап, анда келээрки жылы Кыргызстанда президенттик орун үчүн Курманбек Бакиев, Кубанычбек Жумалиев, Тойчубек Касымов жана Өмүрбек Текебаев менен катар эле Бахтияр Алиев деген атуул да ат салышы ыктымал деген маалыматты таратты. Анда Бахтияр Алиевдин Орусиянын коопсуздук кеңешинин башкы кеңешчиси экендиги маалымдалат. Гезиттин маалыматы боюнча, Москва акыркы кезде Борбор Азия регионуна, анын ичинде Кыргызстанга кызыгуусун арттырды. Ошондуктан Орусиянын коопсуздук кеңешинин башкы кеңешчиси Кыргызстан президенттигине талапкерлердин тизмесине кирүүдө. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Бахтияр Алиев деген атуул Орусиянын коопсуздук кеңешинде иштээрин ырастап, бирок башка маалымат бере албасын билдирди. Бахтияр Алиев - милициянын генералы, маркум Эргеш Алиевдин небереси.