Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Террорчу деп айыпталгандар аппеляциялык арыз жолдошот


БИШКЕК. Антитеррордук коалициянын Бишкектеги Ганси авибазасын жардырууга камданышкан деген айып менен түрмөгө кесилишкен атуулдар Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө Бишкек шаардык сотко арыз жолдошот. Мындай маалымат бүгүн айыпталгандардын адвокаты Айнабек Качкынбаевден алынды. Анын айтымына караганда, Ленин райондук сотунун Бакыт Батырбековду 13, Надыр Исманалиев, Рамис Бердалиев жана Казакстандын атуулу Акролкожо Абдувалиевди 10 жылга түрмөгө кескен өкүмү негизсиз. Ошондуктан алар өкүмдү жокко чыгарууну шаардык соттон талап кылышат.

23-апрелде Кыргызстан укук коргоо кыймылы билдирүү таратып, «айыпталуучулар Кыргызстандын ири өлкөлөр, анын ичинде АКШга жүгүнүүчүлүк саясатынын курмандугу болушту» деген билдирүү таратып, алардын укугун коргоо аракеттерин көрүшөөрүн жарыялаган. Айыпталган атуулдар Ганси авиабазасын жардырууга кам көрүшкөн деген шек менен өткөн жылдын октябрь айында кармалышып, 23-апрелде жаза алышкан.

XS
SM
MD
LG