Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:14

ЕККУ «Пирамиданын» көйгөйүн иликтейт


БИШКЕК. Метрдик каналга чыгалбай калган «Пирамида» телеканалына байланышкан маселе ЕККУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын элчиси Марти Ахтисааринин Кыргызстандагы визити учурунда козголот. Мындай маалымат бүгүн «Пирамида» телеканалынын журналисти Александр Кулинскийден алынды. Анын айтымында, ага бул жөнүндө ЕККУнун башкы катчысы Ян Кубиш Алматыдагы медифорум учурундагы жеке пикир алышууда билдирген. Ал эми Марти Ахтисаари Кыргызстанга май айында келет деп болжолдонууда. Эгер «Пирамида» телеканалына байланышкан маселе май айына чейин чечилбесе, анда атайын элчи бул маселени Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушууда козгоп, анын мыйзам чегинде чечилиши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ал эми ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Марина Дмитриеванын айтымында, өкүлчүлүккө «Пирамида» телеканалынан эч кандай билдирүү түшкөн жок. ЕККУ аны өз милдетинин алкагында кароого укуктуу.

XS
SM
MD
LG