БИШКЕК. Кечээ күндүзгү саат үчтөн кийин Майлуусуу шаарынын жанындагы Алчалуу коктусунун Түнкүсай участкасында жер көчкү болду. Көлөмү 10 миң кубометрге жеткен жер көчкү ал жерде мал кайтарып жүргөн Эрназаров Таалайды басып калды. 1986-жылы туулган уландын cөөгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин куткаруучу бригадасы 25-апрелде түшкө чейин табышты. Мындай маалымат бүгүн Экология министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Эмил Акматовдон алынды.