Жекшембидеги шайлоодо Социал-демократиялык партиянын талапкери, парламент спикеринин орун басары Хайнц Фишер жеңип чыкты. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыктарына караганда, аны калктын 52% колдогон. Ал эми башкаруучу партиянын талапкери, өлкөнүн азыркы тышкы иштер министри Бенита Ферреро–Вальднер 47% добуш алды. Социал –демократтардын өкүлү мамлекет башчысынын кызматына акыркы 20 жылдан бери алгачкы ирээт келүүдө. Австриянын президенти жалпысынан өкүлчүлүктүү гана милдеттерди аткарат. Негизги бийлик өкмөт башчысы - канцлердин колунда.
Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган – Улан Эшматов, Прага
Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган – Улан Эшматов, Прага