Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

Катарда Орусиянын эки жаранынын үстүнөн сот жүрүүдө


Жабык өтүп жаткан сот жекшембиде улантылып, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу башталган. Орусиянын чалгын кызматынын эки өкүлү Чеченстандын мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиевди өлтүргөн деп айыпталууда. Орусиянын өкмөтү кармалгандар чалгын кызматынын адамдары экенин моюнга алганы менен Яндарбиевдин киши колдуу болушуна алардын эч тиешеси жок экенин айтып жатат.
Москва Катардан өз жарандарын бошотууну талап кылган, бирок Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игор Иванов бул өлкөгө барган учурунда алар жогорудагы иш боюнча Катардын сотунун чечимин урматтай турганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG