Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

Ирактын эң ири мунай терминалы жабык турат


Өлкөнүн түштүгүндөгү эң ири мунай терминал ишембиден жекшембиге караган түнү жасалган кол салуудан улам жабылды. Жанкечтилер терминалга жардыруучу зат шыкалган катерлер менен чабуул коюшкан эле. Андан америкалык 3 матрос да каза тапты. Ирактын мунай министрлигинин билдиргенине караганда, терминал эң эрте дегенде бүгүн ачылышы мүмкүн. Мунун аралыгында кечээ Мосул шаарында козголоңчулардын аракетинен улам 4 ирактык мерт болуп, 15 чактысы жаракат алган. Ал эми америкалык аскерлердин курчоосунда турган Фаллужа шаарында маалыматтарга караганда, коалициянын күчтөрү менен сунни согушкерлери ортосунда ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуу узартылды. БУУнун атайын өкүлү Лахдар Брахими АКШ бийликтерин Фаллужадагы тирешүүнү кылдаттык менен жөнгө салууга чакырды. Кечээ Иракка Австралиянын премьер- министри Жон Хоувард, Болгариянын президенти Георгий Парванов барып өз өлкөлөрүнүн аскерлери менен кездешти.

XS
SM
MD
LG