Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Орусия Кыргызстанга аскерий-техникалык жабдууларды берди


БИШКЕК. Бүгүн Орусиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга 2 миллион 273 миң 700 долларлык аскерий-техникалык жана башка жабдууларды бекер берди. Ал Кыргызстандын коргоо министрлиги менен Орусиянын «Рособоронэкспорт» федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын ортосунда 2003-жылы түзүлгөн макулдашуунун негизинде берилди. Коргоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, Орусиялык тарап бул жолу Орусиядан чыккан курал-жарактар менен ага керек болчу жабдууларды, ар кандай маркадагы, анын ичинде үн чыгарбай атуучу тапанчаларды, замбирек, снайпердик мылтыктар жана күнү-түнү көрсөтүүчү турнабайларды берди. Андан тышкары кыргыз тарап броножилет, автомобилге кошумча тетиктерди жана жайкы, кышкы кийимдерди алды. Алынган курал-жарак менен жабдуулар ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн атайын бөлүктөрүнө берилет.

XS
SM
MD
LG