Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер көчкүдөн 33 адам каза тапты


БИШКЕК. Бүгүн эртең менен Алай районундагы Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кайнама участкасында жер көчкү болуп, андан 33 адам каза болду. Алдын-ала алынган маалымат боюнча көлөмү 3 миллион кубметрден ашык көчкү 11 үйдү басып калган. Каза болгондордун алтоо пенсионер, он алтысы жаш бала жана калгандары эмгекке жарамдуу адамдар. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин Оштогу куткаруучулар бригадасы ал жакта иштеп, кечке жуук издөө иштерин токтотту. Алайга бүгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, Ош областынын губернатору Накен Касиев барды. Жабырлангандардын эсеби так боло элек. Ал эми 25-апрелде көлөмү 400 кубметрге жеткен жер көчкү Карасуу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Кызылкөл учаскасында да болуп, бир турак үйдүн жарымын жана мал сарайды басып калды. Андан адамдар жабыр тарткан жок. Бирок 20 бодо мал, 30 кой көчкү астында калды. Мындай маалымат Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG