Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Ысыккөл облусунда «Хизб ут-Тахрир» партиясынын 25 мүчөсү кармалды


КАРАКОЛ. Облусттук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, “Хизб ут-Тахрир” партиясынын кармалган 25 мүчөсү бул партияга өз ниети менен берилгендигин танышпайт. Кармалгандардын арасында Жетиөгүз районундагы Актерек айылынын имамы Акылбек Кошомбаев да бар. Айрыкча, Түп районунда жана Балыкчы шаарында “Хизб ут-Тахрирчилердин” эл арасындагы таасири күч. Маселен, Балыкчы шаарына Пакистандан, Саманиден жана Тажикстандан миссионерлер келип кеткен. Ошондой эле Пакистандан 13 адам атайын диний билимге ээ болуп кайткан. Тартип коргоо органдарынын тынчсызданууларына караганда, жергиликтүү бийлик ээлери ”Хизб ут-Тахрирчилердин” калк арасындагы үгүт иштерине анча маани беришпейт. Кошумчалай кетүүчү нерсе - өткөн жылы “Хизб ут-Тахрирчилерге” байланыштуу 12 кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG