КАБУЛ. Ооганстандын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн милдеттенген НАТО жетекчилиги Кабулга сегиз айдан кийин келди. НАТОнун туруктуу кеңешинин өкүлдөрү күзгө белгиленген шайлоо алдында тынчтык орнотуучу күчтөрдү Кабулдан башка жерлерге да жайгаштыруунун жөн-жайын талкуулап жатышат. Бул маселе президент Хамид Карзай менен да талкууланмакчы. Ооган жана АКШ өкүлдөрү өз кезегинде миссиянын милдетин баса белгилеп, бирок, НАТОну өз аскерлерин алып келүүдө жайбаракаттык жасап жатат деп сындашууда.