БАГДАД. Мунай боюнча убактылуу министр Ибрагим Бахр ал-Улум Басрадан мунайды тышка ташып сатуу иши калыбына келтирилгендигин билдирди. Жекшембиге караган түнү ишкананы жардыруу аракеттери жасалгандан кийин анын иши токтотулган болчу. Басрадагы мунайды тышка сатуу Ирактагы мунай экспортунун 85 пайызын түзөт.