Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Иракта кагылыштар уланууда


БАГДАД. АКШнын Ирактагы аскер күчтөрүнүн маалымдаганына караганда, бүгүн Фаллужада айыгышкан атышуу болуп, анда 8 козголоңчу жана америкалык 2 аскер өлүп, 4 аскер жаракат алды. Багдадда жардыруу болду. АКШ аскерлери буга чейин Фаллужадагы көтөрүлүшчүлөргө каршы белгиленген чоң чабуулду убактылуу токтоткондугун билдирген. Азыр алар Ирак аскерлери менен бирге Фаллужада рейддерди өткөрүп жатышат. Бул аралыкта Польшанын куралдуу күчтөрү көзөмөлдөп жаткан Ирактагы беш аймактын экөөндөгү көзөмөлдү Испания күчтөрү кеткенден кийин, АКШ аскерлери өзүнө алмай болду. Бул маалыматты Польша генералы Мистислав Биник тастыктады. Польшанын ТВН 24 телеканалы өлкөнүн Ирактагы аскерий күчтөрү 10 миңден 6.5 миңге чейин азайтылаарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG