Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Грузиянын мурдагы президентинин күйөө баласы абактан бошотулду


Маалыматтарга караганда муну алдында Эдуард Шеварднадзенин кызы жубайы Георгий Жоктаберидзенин боштондугу үчүн мамлекеттик бюджетке 15,5 миллион доллар которгон. Президент Михаил Саакашвили телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн учурунда бул каражат пенсияларды, мугалимдер менен мамлекеттик кызматчылардын айлык акысын төлөө үчүн жумшалаарын белгиледи.
Ал эми Георгий Жоктаберидзенин өзү жана анын адвокаты акча төлөнгөндүгү жөнүндөгү маалыматты төгүндөөдө. Э. Шеварднадзенин күйөө баласы салык төлөөдөн качкандыгы үчүн айыпталып, быйыл февралда камакка алынган эле. Ал Грузияда мобилдик телефон кызматын көргөзгөн эң ири компаниянын кожоюндарынын бири.

XS
SM
MD
LG