Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

АКШ темир жолдогу кырсыкка байланыштуу Түндүк Кореяга жардам берет


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл мындай деди:

-Биз Улуттар Уюму менен иштеп жатабыз. Эмнелер зарыл экендиги жана эмнени жасай алышыбыз мүмкүн экендиги аныкталган соң биз каржылык жардам көргөзөбүз.

Ал эми Ак үйдүн билдиргенине караганда, АКШ Түндүк Корея үчүн Кызыл Чырым уюмуна 100 миң доллар которот. Ошондой эле эгер зарыл болсо адистерди жөнөтүүгө, дары-дармек, медициналык жабдууларды берүүгө даяр. Түндүк Кореянын Кытай менен чегарасына жакын жердеги темир жол станциясында өткөн бейшембиде болгон жарылуудан 160тай адам өлүп, 1300дөн ашууну жаракат алган. Кызыл Чырым уюму эларалык коомчулукка Түндүк Корея үчүн 1,2 миллион доллар чогултууну өтүнүп кайрылды. Бул каражаттын эсебинен 10 миңдей адамга жардам көргөзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG