Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Фаллужадагы айыгышкан урушта эки жактан тең жоготуу болду


Шаардагы мечитте болгон уруштан улам бул жердеги козголоңчулардын сегизи, америкалык аскерлердин бирөөсү каза таап, сегизи жаракат алды.
Ал эми Багдаддагы имараттардын биринен химиялык заттарды издеп жаткан учурда болгон жарылуудан америкалык эки жоокер өлүп, бешөөсү жаракат алды. Маалымат агенттиктеринин күбөлөргө таянып кабарлаганына караганда, Ирактын түштүгүндөгү Нажаф жана Куфа шаарларынын ортосунда кечээ кечинде америкалык жоокерлер менен шийиттердин молдосу Моктада ас-Садырдын согушкерлеринин кагылышуусу катуу жарылуулар менен коштолгон.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ БУУнун Коопсуздук Кеңешин Иракка аскер жиберүүчү өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүүнү көздөгөн резолюцияны кабыл алууга чакырды.

XS
SM
MD
LG